• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри табигый кырсык катталган түштүк аймакка жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдалдар министри Бообек Ажикеев табигый кырсыктар катталган өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айынын башында болгон жаан-чачындын кесепеттерин жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев түштүк аймакка жөнөп кетти. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Алай районунда табигый өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министринин шашылыш иш сапары жогоруда аталган сел жүргөн аймактарда болуп, селден кийинки калыбына келтирүү жана калк коопсуздугун камсыздоо боюнча болмокчу.

Азыркы тапта Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматынан 392 жаран жана 42 техника тартылды.

Ал эми Ош облусунда Жарандык коргонуу кызматынан 141 жаран жана 14 техника иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий