• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган жарнактар алынды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактар, аталышы чет тилиндеги соода жайларынын жазуулары алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарнактарды алуу иштери мэриянын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, соода жайларынын ээлерине комиссия тарабынан бир ай мурда эскертүү берилип, бирок алар белгиленген талаптарды аткарган эмес.

Эске салсак, КР мамлекеттик тили жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 11-26-беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде зарыл учурларда башка тилдерде жол-жоболоштурулат.

Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий