• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында бош орундар жана кесиптер жарманкеси уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бүгүн Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында “Бош орундар, кесиптер жарманкеси жана кесип тандоого багыт берүү” аталышында иш-чара уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган иш-чара Талас шаарынын мэриясы, Талас райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Талас JIA Бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ага Талас шаарындагы жогорку класстын окуучулары катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө мектеп окуучуларын шыктандыруу максатында спикерлер тарабынан ийгилик сырлары, чет өлкөдө окуу программалары, кесипти туура тандоо жана чет тилдерди билүүнүн пайдасы сыяктуу кызыктуу темаларда мотивациялык баяндамалар жасалды. Буга кошумча чет өлкөдө окуган ийгиликтүү студенттердин видеороликтери көрсөтүлдү.

Ошондой эле иш-чарада жогорку жана орто окуу жайлардын, мекеме, ишканалардын, банк кызматтарынын көргөзмөлөрү, маалымат баракчалары жана бош жумуш орундарынын тизмелери коюлду.

Кесипке багыт берүү максатында билим берүү мекемелери тарабынан кесиптер жана курстар боюнча маалыматтар айтылып, иш - чаранын катышуучуларына иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери өз кеңештерин беришти.

Пикир

Оставить комментарий