• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министри Көк-Арт туннелинин курулуш иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Көк-Арт туннелинин курулуш иштери менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгиленгендей, узундугу 3890 метрди, бийиктиги 8,5 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң Көк-Арт туннелинде казуу иштери аяктап, азыркы учурда туннель менен штольняны бетондоо, гидроизоляция жумуштары, электр кабельдерди өткөрүү жолдорун бетондоо, туннелдин ичине суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана башка жумуштар аткарылып жатат.

Аталган туннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулуп, Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман - Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.

Долбоордун баасы 136 млн АКШ долларын түзөт. Туннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий