• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун аймагында унаа жолдор ачык, каттамдарга тоскоолдук жок

Аймак 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Күн мурун, 12-январда Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов Түп жана Ак-Суу райондорунун каттамга кыйынчылык жараткан участокторуна барды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы маселени жеринен көрүп, жол тейлөө кызматтарына тургундарга тоскоолдуксуз каттам камсыз кылып берүүнү тапшырды.

Учурда облус аймагында бардык автоунаа жолдор ачык, каттамдарга тоскоолдук жок.

Белгилей кетсек, 11-январдан тарта туруксуз аба ырайы, температуранын төмөндөшүнө байланыштуу облус аймагындагы айрым унаа жолдордогу каттамдарда кыйынчылык жаралган. Жол тейлөө мекемелери ошол күндөрдөн тарта жолдорду тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору “Кабар” агенттигине Кыргызстанда ызгаардуу суук болжол менен 17-январга чейин созуларын, 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулай тургандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий