• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто УКТ мүчөлөрүнө кол салуу болгон. Бирөө каза болуп, экинчиси реанимацияда

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Ошто уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө кол салуу болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Баткендин тургуну алган жаракатынан каза болсо, 28 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Аталган факты каттоого алынып, шектүүлөр изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий