• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бензинди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү иштеринин жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр бензин алынып, 12 миң сом өлчөмүндө 4 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча 1 млн 890 миң сомго 324 протокол түзүлгөн.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий