• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы: Милиция тарабынан алдын алуу, түшүндүрүү иш-чаралары уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Ат-Башы районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы ар бир айылды кыдырып, жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар менен жеринен таанышып, маалымат берилди.

Мындан тышкары, азыркы учурда жугуштуу коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо жаатында тынымсыз алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий