• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксы районунун Кашка-Суу айылында мектептин жаңы имараты курулууда

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кашка-Суу айылында №55 К. Абдырахманов атындагы орто мектептин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

150 балага ылайыкташкан билим берүү уясынын имаратын куруу 32 млн сомго бааланган, анын 29 млн сомун Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду каржылаган. Калган сумма жергиликтүү салып. Учурда 8 млн сомдук жумуштар аткарылды.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен облус башчысы Абсаттар Сыргабаев таанышып, ушул жылдын сентябрына чейин мектептин курулушун бүткөрүү зарылдыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий