• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абадда жаңы IT борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор — IT-RUN ACADEMY ачылды. Мында каалоочулар программалоо тилдерин жана IT тармагындагы билим берүү программаларын үйрөнө алат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, академия өзүнө колледжд, кошумча билим берүү курстарын, стажировка жана коворкинг борборун камтыйт.

Мында Python, JavaScript, CSS, HTML, AI (жасалма интеллект), веб иштеп чыгуу, маалымат базалары, компьютердик сабаттуулук курстары, сертификатталган тил курстары жана башка тармактар ​​сыяктуу программалоо тилдерин жана технологияларын өздөштүрсө болот.

Борбор Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен “Ай Ти Ран” ЖЧКсынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуунун алкагында ишке киргизилди.

Ага ылайык Жалал-Абад шаардык мэриясы курулуш үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жана имарат куруу милдетин алган, ал эми “Ай Ти Ран” окуу процессин уюштуруп, борборду жабдуулар менен жабдып, ата мекендик жана чет элдик IT тренерлер менен программисттерди тартуу каралган.

Долбоордун күтүлгөн натыйжалары:

  • региондо маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу;
  • заманбап IT индустриясынын талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу IT адистерин даярдоо;
  • жергиликтүү IT коомчулугун өнүктүрүү жана тажрыйба жана билим алмашуу үчүн аянтчаны түзүү;
  • IT борбор менен жергиликтүү компаниялар жана мекемелердин ортосундагы байланышты чыңдоо;
  • жумушсуздукту кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;
  • аймактын жашоо деңгээлин жана экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу;
  • коомдук жоопкерчиликти жана кайрымдуулук демилгелерине тартууну күчөтүү.

Пикир

Оставить комментарий