• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылдын эки айында $2,2 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-февралында 2,2 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган көрсөткүч 2023-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 28,3 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 18,4 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 30 пайызга өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 482,7 млн АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 17,9 пайызга төмөндөдү.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга — 69,4% жана Казакстанга — 28,2% туура келди.

Пикир

Оставить комментарий