• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын экономика министрлиги экспортту гана колдойт – Эльдар Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Кыргызстандын Экономика министрлиги экспортту гана колдойт. Бул туурагуу Бишкектеги тегерек столдо Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, кандай экспорт экени азырынча талкууланып жатат. “Эң жакшы субсидия жана шарттар экспортко багытталат, анткени өлкөнүн ички керектөөсү өтө чоң эмес. Ушуга байланыштуу биздин өлкө эл аралык масштабда өсүп жаткан компаниялар аркылуу өнүгө алат. Ошондуктан, биз барынан мурда аларды колдошубуз керек. Экономика министрлиги экспортко багытталган компанияларды каттоого алган. Башында алар 1 миң болчу, бирок кийин 300 дөй калды, анын ичинен 100 ү гана – кайра иштетүүчүлөр”,-деди ал.

Ошондой эле, Э.Абакиров Экономика министрлиги менен бизнес-коомчулуктун ортосунда маалымат алмашуу бар экенин билдирди.

“Алар аз болгондуктан көйгөйлөрүн жакшы билебиз. Мисалы, азыр биз компанияларга чалып, аларда Бажы биримдигинин техникалык регламентинин күчүнө кирүүсүнүн алкагында милдеттүү болуп саналган ХАС системасы барбы деп же, бизнесмендерден бул жаатта көйгөйлөр бар деп сурай алабыз. Ошондой эле, Экономика министрлиги менен ишкерлердин ортосунда лабораториялар боюнча маалымат алмашуу жүрүп жатат. Бул жерде эки башка абал түзүлүүдө, кимдир-бирөө аларга текшерүүнүн кереги жок десе, башкалары Казакстанда сертификация жүрүп жатканын айтышат. Мындан тышкары, Экономика министрлигинде бир нече инвестициялык долбоорлор бар экенин белгилеп кетким келет. 20-30-дай долбоор бар, алардын көйгөйлөрүн биз сөзмө-сөз билебиз. Биринчи кезекте укук коргоо органдарындагы жашыруун коррупция. Жергиликтүү ишкерлер муну түшүнүшөт, бирок чет элдик инвесторлор үчүн бул жапайычылык. Бизнести текшерүү боюнча токтомду өзгөртүүгө туура келет окшойт”,-деп кошумчалады Э.Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий