• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Экономика 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда негизинен Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, КР менен ДБ ортосундагы кызматташтык, анын ичинде 2023-2025-жылдарга белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ДБ тарабынан көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Финансы министри Бакетаев аталган маселелерди тез арада ишке ашыруу үчүн ДБнын артыкчылыктуу пландаштырылган долбоорлоруна көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү жана алдыдагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий