• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Кыргызстандан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактуранын болушу зарыл

Экономика 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы экспорттоочуларга жана жүк ташуучуларга Кыргызстандын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактуранын болушу зарыл экендигин эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эсеп-фактуранын болушу товарларды Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз ташып чыгууну камсыздайт, ошондой эле кечиктирүүлөрдү четтетүүгө жана импорттоочу өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан ар кандай кошумча текшерүүлөрдү болтурбоого мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда бардык КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттогон жана экспорттогон салык төлөөчүлөр үчүн электрондук эсеп-фактураны колдонуу милдеттүү болуп калды.

Электрондук эсеп-фактура системасы ишке киргенден тартып аны 16 миң 303 ишкер колдонууда, аларга 1 трлн 453 млрд 864,4 млн сом жалпы жүгүртүүнүн суммасына 9 млн 543 миң 712 электрондук эсеп-фактура берилген.

2021-жылдын 11 айында системада 1 трлн 67 млрд 834,1 млн сом жалпы жүгүртүүнүн суммасына 6 млн 428 миң 206 электрондук эсеп-фактура жазып берилген.

Пикир

Оставить комментарий