• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Мүлк салыгы боюнча 113 миңден ашык маалыматтык эсеп тапшырылды

Экономика 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. 9-апрелге карата учурдагы салык мезгили үчүн турак жана турак эмес жай имараттарга, курулуштарга, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге салык боюнча салык органына маалыматтык эсептерди берген салык төлөөчүлөрдүн саны 113 миң 428 адамды түздү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 19 миң 783 юридикалык жактар жана 93 миң 645 жеке жактар маалыматтык эсептерди берген.

Эскерте кетсек, юридикалык жактар үчүн маалыматтык эсептерди тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктаган. 1-майга чейин жеке жактар тапшыруусу керек.

Эсептөөнү cabinet.salyk.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу электрондук түрдө тапшырса болот. Ошондой эле кагаз түрүндө, салык органына барып же тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти мөөнөтүндө тапшырбагандар үчүн административдик айыптар каралган.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 116 номери аркылуу же салык кызматынын www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий