• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 90 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча, 90 млрд сомдон ашып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га өскөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда үстүбүздөгү жылы январь-февралда ИДПнын көлөмү 86 млрд сомдон ашып, 2,8%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий