• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Январда кайсы азыктар кымбаттады? Статистика комитетинин жообу

Экономика 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. 2021-жылы январда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөөлөргө баанын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Турдубаева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1,7%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки – 0,7%га, азык-түлүк товарларына болгон баа – 0,4%га өскөн, ошол эле учурда элге кызмат көрсөтүү наркы 0,1%га азайган.

“Негизинен жашылчалардын баасы 7,8%га, картошка – 4,7%га, өсүмдүк майы – 3,8%га, сүт азыктары жана жумуртка – 3,5%га кымбаттаган. Ал эми эң жогорку кымбаттоо Нарын жана Баткен облустарында катталды”, - деп кошумчалады Турдубаева.

Пикир

Оставить комментарий