• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

А.Атамбаев: “2-3 айдан кийин КСДП өзүнүн президенттикке талапкерин көрсөтөт”

Президент 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Кыргызстандын жаңы президенти абийири таза адам болушу керек. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин КСДП партиясынан президенттикке талапкер тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал белгилегендей, коомдун пикирине карап, коомчулукта сурамжылоо жүргүзүп, рейтингди алгандан кийин гана президенттик кызматка талапкер көрсөтүү туура болот деп белгиледи. Анткени, КСДПда талапкерлер көп.

“Болжол менен 2-3 айда партия өзүнүн талапкерин көзсөтөт. Бирок, компраматтар согушу сыяктуу иштер бар экенин унутпоо керек. Жаңы талапкер абийири таза адам болууга тийиш”,-деди Президент.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылы 19-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий