• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Россияда КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Президент 0

Бишкек, 26.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу "Павловск" музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер "Царское Село" жана Петергофто болушту.

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына бет алышты.

Россиянын президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, мамлекет башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий