• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, өлкөгө Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен жыйынына катышуу үчүн келген Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен мындан ары да өз ара ишенимге жана сыйга негизделген достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере турганын белгиледи.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негиздеринин бири — дарамети толук ачыла элек экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналарын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика, транспорт, тоо-кен өнөр жайы, билим берүү, медицина тармактарында жана туристтик мүмкүнчүлүктү пайдалануу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов Президент Илхом Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуусун күтүп жаткандыгын белгиледи.

Ал акыркы жыйыны беш жыл мурда Бакуда өткөн Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен үчүнчү жыйынын Бишкекте өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ягуб Эюбов Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Президент Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан менен мамилеге өзгөчө мамилесинен улам калыбына келгендигин баса белгиледи.

Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү өлкөлөр ортосундагы өз ара боордош мамилелерге негиз болоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий