• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Худжанд шаарында КР менен Тажикстандын туристтик бизнес-форуму болуп өттү

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Тажикстандын Худжанд шаарында КР менен Тажикстандын туристтик бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Тажикстандын Худжанд шаарында КРнын Тажикстандагы элчилигинин колдоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагалагында биринчи жолу Кыргызстандын жана Тажикстандын туристтик бизнес-форуму болуп өткөн.

Иш-чарага Кыргызстандан – Кыргызстандын курортор Ассоциациясы, Кыргыз Туроператорлор Ассоциациясы (КАТО), Кыргызстан Туризм Ассоциациясы, коомчулуктардан негизделген Кыргыз Ассоциациясы (КАТОС), «Kyrgyz Pamir tours», «Шанхай Сити», «Дестинация Ош», «Экодом», «Санрайс», жана Тажикстандан «Олами саехат» ЖЧКсынын, озори вору» ЖЧКсынын, «Сайри бустон», ЖЧКсынын, ТАТО, Лахш, Истаравшан, Мургаб райондорунун, Согди областынын, жана Душанбе шаарынын компанияларынын өкүлдөрү катышкан.

"Тараптар туристтик чөйрөсүн тейлеген мамлекеттик органдардын жана туристтик компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелерин талкуулашкан жана карап чыгышкан. Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар болуп өткөн, "В2В" форматында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, Кыргызстан менен Тажикстандын компанияларынын ортосунда 15 макулдашуу жана меморандумдарга кол коюлган", - деп кошумчалашты министрликтен.

2020-жылы Кыргызстанда эки өлкөнүн кезектеги туристтик бизнес-форумун өткөрүү, туризм тармагында кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы келишим долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча макулдашууларга жетишишкен.

Иш-чаранын аягында тиешелүү протокол кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий