• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ, 7-октябрда катталып, кечки саат 20:50дө чектөөгө алынган.

"Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынан чыккан өрт саат 21:27де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий