• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмокто поезд токтоп турган вагондорду сүзүп, бир адам кырсыктады

Кырсык 0


Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Токмок шаарында поезд токтоп турган вагондорду сүзүп, бир адам кырсыктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма кызматы билдирди.

"Кечээ, болжол менен саат 22:00дө Токмок айнек заводунан 18 вагону менен чыккан поезд катуу ылдамдыкта келип Токмок темир жол бекетинде токтоп турган вагондорду сүзгөн", - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Окуядан 58 жаштагы 1 киши кырсыктап, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жети вагон темир жол рельсинен чыгып, оодарылып кеткен.

Тасма "Короче" Telegram-каналынан алынды.

Пикир

Оставить комментарий