• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балтада төрт кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кара-Балтада төрт кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын билдирүүсүнө карганда, 23 жаштагы М.М., 34 жаштагы М.Г., 26 жаштагы Т.З., жана 25 жаштагы Б.О., кечээ ооруканага алдын ала дары ичип уулануу, өз өмүрүн кыюуга аракет кылуу диагнозу менен жеткирилген. Ошондой эле алардын бирөө колунун кан тамырларын кесип салган.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, кыздар бир үйдө чогуу жашаган. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда.

Айрым маалыматтарга караганда, жергиликтүүлөр кыздарды сойкулукка айыптап, алар чыдай албай, өз жанын кыюуга аракет кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий