• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орду толгус жоготуу! Журналист Уланбек Эгизбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. "Азаттык" радиосунун иликтөөчү, белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев кечээ, 22-июлда Чолпон-Атада каза болду. Ал болгону 28 жашта эле.

“Азаттыктын” расмий сайтында маалымдалгандай, ал Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгон.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган.

Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.

2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип алган.

Бир ай мурда 22-июнда Уланбек “Алтын калем” сыйлыгын алган.

“Кабар” КУМАнын жалпы жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына, жакын туугандарына, санаалаштарына жана “Азаттыктын” эмгек жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий