• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 16-декабрда болжол менен саат 19:20да катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 баллга, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий