• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн көзү менен көргөзмөсү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Ош Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн көзү менен көргөзмөсү ачылды, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн Оштогу он алтынчы жолугушуусунун аткагында “Ош түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ТҮРКСОЙдун КРдагы өкүлү Кожогелди Култегин, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү, шаар тургундары жана жаштар катышты. Көргөзмөгө 12 сүрөтчүнүн 3төн сүрөтү – жалпысы 36 сүрөт коюлду.

Анда сүрөтчүлөр Ош шаарын жана облусун чагылдырган. Айта кетсек, буга чейин Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү Оштун көрүнүктүү жерлери Сулайман-Тоону, борбордук базарды кыдырып, Ош шаарынын күнү – элдик майрамын сүрөткө тартышкан.

Ошондой эле, Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасын, кыргыз айылдарын, жаратылыш көрүнүштөрүн да сүрөткө тартып кайтышкан.

Пикир

Оставить комментарий