• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоңдо мыйзамсыз менчиктештирилген 21 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратурасы тарабынан жер жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү.

Анда Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкенин укук аныктоочу иш-кагаздары Ч.К. аттуу жаран тарабынан жасалмаланып 21 га аянттагы жайыт категориясындагы жер тилке жеке менчикке чыгарылганы аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан аталган жер тилкенин укук аныктоочу иш-кагаздарын жокко чыгаруу боюнча сот органдарына келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылып, прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 40 млн 950 миң сомду түзгөн 21 га аянттагы жайыт жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий