• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду байкоочу кеңешине 2021-жылдын отчетун берди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду былтыр суммасы 119 млн 288 миң сомду түзгөн 25 долбоорду колдоп, анын 47 млн 730 миң сому каржыланган.

Байкоочу кеңеш мекеменин өткөн жылдагы отчетун кабыл алга соң, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун 2022-жылдык бюджетин жана админстративдик чыгымдарын бекитти.

Белгилей кетсек, фонд 4 жыл ичинде 50 долбоорду колдоого алган. Жалпы суммасы 241 млн 631 миң сомду түзсө, ушул күнгө чейин 152 млн 32 миң сом каржыланган.

Анын ичинен 70 млн 293 миң сому 2021-жылы каралган. Ал эми фонддун колдоого алынган долбоорго болгон карызы 89 млн 485 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий