• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси ийгиликке жетишти

Аймак 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. “Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемесинде өткөн жылдын алты айында 10 миллион 692 миң 768 сом акча каражаты жыйналган болсо, 2017-жылдын 6 ай ичинде 11 миллион 707 миң 952 сом чогултулган. Тактап айтканда, 2016-жылга салыштырмалуу 1 миллион 15 миң сомго көп жыйналган. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Төлөн Бакиров билдирди.

Жалал-Абад мэриясынын маалыматында, Бакиров билдиргендей, жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жыл башында Whatsapp кызматы ачылган.

"2017-жылдын биринчи кварталына жергиликтүү бюджеттен 4 миллион 156 миң 500 сом акча каражаты жумшалган. Ал эми атайын каражат эсебинен киреше 5 миллион 713 миң 917 сомду түздү. Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен абоненттин саны 50 миң 446 болсо, 2017-жылдын 6 айлыгында абоненттин саны 544 адамга көбөйүп, бүгүнкү күндө 50 миң 990 адам турмуш-тиричилик калдыктарына төлөм төлөөдө. Таштандылар атайын автоунаалар менен үзгүлтүксүз алынып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө жана турмуш-тиричилик калдыктарына акы төлөөдөн баш тарткан абоненттер менен мекеменин юристи тыгыз иш алып барууда",-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий