• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгалда «Эне улутту тарбиялайт» аттуу майрамдык иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жумгал районунун ар аймагынан келген айымдардын башын бириктирген «Эне улутту тарбиялайт» аттуу майрамдык иш-чара өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон коомдук ишкер, активист айымдар жана баатыр энелердин катышуусунда өттү.

Эл өкүлү бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап: «Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы эле дүйнөнүн куту, өмүрдүн булагы. Жоокер заманда ач бел, куу жондо от таап, ташка нан жаап, бүт журтту сактаган да, чабышкан тараптарды жараштырган да, керек кезде эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эл баштаган да асыл аялдар болгон. Азыркы заманда да акылман аялзаты арбын», - деген эл өкүлү айымдарга каалоо-тилектерин айтып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Аталган иш-чара концерттик программа менен коштолуп, депутаттын атынан атайын даярдалган белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий