• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде кызын сабаган аял 48 саатка камалды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда кызын сабаган аял милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-январда Кадамжай районунун 39 жаштагы А.Б. тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн Ш.М. аттуу аялы эки жашар А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.М. 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча жаш балага карата соттук-медициналык жана аялга карата соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн Ш.М. 30-январь күнү Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, Ш.М.К. аттуу жарандын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий