• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Октябрь Урмамбетов Араван райондук милициясынын кошумча имаратынын ачылышына катышты

Аймак 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан курулган кошумча имаратынын ачылышына катышты.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Урмамбетов кошумча имараттын ачылышында тасма кесип, жетекчилерге жаңы иш бөлмөлөрү үчүн компьютерлерди жана башка жабдууларды тапшырды.

Учурда иш бөлмөлөрү бардык зарыл болгон заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Жаңы имаратта райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери иштешет.

Ошондой эле министрдин орун басары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов менен биргеликте аталган бөлүмдүн техникалык базасын карап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий