• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда электр мамычалары орнотулуп, чубалгылар тартылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт дарыясынан баштап, Спутник кичи шаарчасындагы Манас көчөсүнө чейинки аралыкка жаңы электр мамычалар орнотулуп, электр зымдары тартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган дарыянын жээгинен башталган жаңы электр чубалгылары Манас көчөсүнө чейин орнотулат.

"Жалпысынан 30 даана 10 киловольттук электр мамычалар коюлуп бүттү, эми 1 чакырымдан ашуун аба чубалгылары тартылууда. Анткени, абоненттердин жана өндүрүштүк ишканалардын саны өскөндүктөн, кошумча кубаттуулук керек болчу. Эми "Громадина" көмөкчордонундагы ашыкча жүктөм алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий