• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда Жарандык коргонуу кызматтарынын иши күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев абанын температурасы мындан ары төмөндөшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырмаларын берди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ыйгарым укуктуу өкүл бул багытта тийиштүү буйрук чыгарып, аймактардагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги жолдордун абалын көзөмөлгө алуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кооптуулук жогору болгон аймактарда үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү уюштуруу, аталган жайда жашаган жарандарды көчүрүү тапшырмаларын койду.

Анда облустук, райондук жана шаардык Жарандык Коргонуу башчыларына, курамындагы "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалы, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, облустук ички иштер башкармалыгы жана Жалал-Абад электр тармактар ишканасына, облус аймагында коопсуздуктун алдын алуу, ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар учуруна тийиштүү даярдыктарды көрүү милдеттемелери берилди.

Мындагы жумуштардын негизги максаты, адам өмүрүн сактоо менен ар түрдүү материалдык чыгымдардын алдын алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий