• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облустук милициясынын башчысы Лейлек жана Сүлүктү аймактарын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.21. /Кабар/. Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов Лейлек, Сүлүктү аймактарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Баткен ОИИБ башчысы М.Боронов Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмү жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен жолугушуп, алардын аткарып жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Мындан сырткары, Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө барды. Бул бөлүмчөлөр коңшу Тажик Республикасынын Согди облусунун кээ бир райондору менен чектешкендиктен, чек ара тилкелериндеги милициянын аймактык пункттары менен жакындан таанышып, жеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.

“М.Боронов жолугушууда кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери жарандар менен сылык мамиледе болуусун, Ички иштер органдарына кайрылган жарандардын арыздары өз убагында мыйзам чегинде чечилүүсү керектигин айтып, ар бир кызматкерди өз милдеттерине так жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Кылмыштуулукка, коррупцияга жана банги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча бир нече талаптарды коюп, ар бир кызматкер эл менен байланышты чыңдап, алардын ишеничин актоо менен милициянын коомдогу кадыр-баркын көтөрүүнүн зарылдыгын белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий