• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеке ишкер Нарындагы ооруканага автоунаа жана медициналык каражаттарды берди

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Жеке ишкер Нурлан Өмүкеев 22-июлда Нарын облустук ооруканасына “Honda stepwagon” унаасын, дары-дармек жана медициналык каражаттарды берди. Бул тууралуу Нарын облусунун райондук администрациясынан билдиришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жана шаардын мэри Нурбек Молдокадыров көрсөткөн жардам үчүн жеке ишкерге ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары, жеке ишкер 8 балалуу үй-бүлөгө жаңы үй куруп берген. Ал үй-бүлөнүн атасы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Болот Солпиев да Өмүкеевге ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий