• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо мекемелери жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 475 млн сом сарптаган

Коом 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо мекемелери жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 475 млн сом сарптаган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

"Дары-дармектер үчүн бөлүнгөн каражаттар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан коронавируска байланыштуу мурда пландалбаган жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга жумшалган. Саламаттык сактоо уюмдары башка зарыл болгон чыгымдардын ордуна (анын ичинде дары-дармек) жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 475 млн сом сарптаган. Андан тышкары өкмөт тарабынан жеке коргонуучу каражаттар үчүн 300 млн сом берилген. Учурда саламаттык сактоо уюмдары жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууда", - деди ал.

24-июлга карата саламаттык сактоо уюмдарындагы жеке коргонуучу каражаттардын запасы тууралуу маалымат:

- бир жолу колдонулуучу коргоочу костюм - 228 миң 667;
- көп жолу колдонулуучу коргоочу костюм - 26 миң 53;
- респираторлор - 193 миң 500;
- беткап - 2 млн 448 миң 474;

Пикир

Оставить комментарий