• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде жалпы 570 438 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде өлкө боюнча 59 831 чарчы метр имараттын ичи, 510 607 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 570 438 чарчы метр аймак жана 414 430 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 224 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Чүй облусунунда 100 чарчы метр имараттын ичи, 60 200 чарчы метр имараттын сырты, 94 700 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 311 кг хлор, 240 литр суюк хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1996 чарчы метр имараттын ичи, 284 035 чарчы метр имараттын сырты жана 44 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 292 кг хлор, 70 литр суюк хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 23 027 чарчы метр имараттын ичи, 49 351 чарчы метр имараттын сырты жана 31 300 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 470 кг хлор, 10 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 7150 чарчы метр имараттын ичи, 30 580 чарчы метр имараттын сырты жана 52 830 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 231 даана хлор таблеткасы жана 720 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 21 320 чарчы метр имараттын ичи, 43 250 чарчы метр имараттын сырты жана 59 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 280 кг хлор жана 333 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 3750 чарчы метр имараттын ичи, 15 800 чарчы метр имараттын сырты жана 9000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 72 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 15 359 чарчы метр имараттын сырты жана 82 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 551 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2488 чарчы метр имараттын ичи, 12 032 чарчы метр имараттын сырты жана 21 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 41 литр суюк хлор, 15 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 19 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 75 кг хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге,маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, даарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий