• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз драма театрында ремонт иштери өз нугунда жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Т.Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси Асылбек Өзүбеков министр Азамат Жаманкуловдун театрга барып, ремонт иштери менен таанышуу учурунда билдирди.

Министр ремонт иштери менен таанышуу учурунда театрдын имаратынын эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерди алмаштырылып, жылуулук берүү системалары орнотулуп жаткандыгына күбө болду.

Маалыматка ылайык, театр 1926-жылдын 2-ноябрында негизделген. Театрдын имараты мындан 48 жыл мурун, 1972-жылы пайдаланууга берилген. Учурдагы жүрүп жаткан ремонт иштери 2019-жылдын аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, театр 2020-жылдын ичинде толук оңдоодон өтүп, көрүүчүлөргө өз эшигин ачат.

.

Пикир

Оставить комментарий