• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук акимчилигинин, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө инспекциясынын, салык кызматынын, МАБдын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия Ош жана Абдрахманов көчөлөрүн бойлой тигүү цехтерин кыдырды.

Текшерүүнүн максаты – кийим-кече жана башка калдыктарды чыгаруу боюнча келишим түзүлбөгөн тигүү цехтерин аныктоо болуп саналат. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар табылган жок.

Рейддик иш-чаралар уланат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн таштанды чыгаруу кызматына тариф таштандынын 1 куб метри үчүн 225 сом же КНС эсепке алуу менен 252 сом өлчөмүндө каражатты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий