• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамагенттик 2022-жылы 500 миң евро гранттык каражат тартты

Коом 0

Бишкек. 30.05.23/Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Жыйынга президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана киберкоопсуздук тармагындагы көз карандысыз эксперттер чакырылган.

Бул убакыттын ичинде мамлекеттик агенттик тарабынан 11 ченемдик укуктук актылардын жана 4 жергиликтүү актынын долбоорлору демилгеленген, анын ичинен бирөө президенттин жарлыгы менен, алтоо токтом түрүндө жана экөө буйруктүрүндө министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

Эл аралык кызматташтыктын алкагында агенттик 40 эл аралык иш-чара өткөрдү.

2022-жылдын 17-мартында агенттик мамлекеттик жана муниципалдык органдардан, ошондой эле бизнес-коомчулуктан 120дан ашык катышуучу катышкан «Data Privacy Day 2022» Эл аралык конференциясынын уюштуруучуларынын бири болгон.

Агенттиктин дагы бир жетишкендиги Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык Макулдашууну ишке ашыруунун алкагындагы бардык иш-чаралардын толук аяктагандыгы болду. Мунун аркасында Кыргызстан Евробиримдиктен 500 миң евро өлчөмүндө бюджеттик колдоо алды (2022-жылдын республикалык бюджетине которулган).

Мындан тышкары, агенттик жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрин иштеп чыкты (шилтеме: https://dpa.gov.kg/ru/register). Бүгүнкү күндө реестрде 411 кармоочу катталган.

Ушул жылга агенттик жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө маанилүү мыйзамдык демилгелерди иштеп чыгууну улантууну, ошондой эле санариптик багыттарда квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүүчү Окуу борборунун ишин активдештирүүнү пландаштырууда. Жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарды сактоо үчүн мамлекеттик органдарда IT-аудитин жүргүзүү да пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий