• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке Америка жана Европадан 62 турист келди – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конокторду кыргыз улуттук күүнүн коштоосу менен уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты.

Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат. Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

Пикир

Оставить комментарий