• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2024-жылы "социалдык контракт" ири мүйүздүү мал багытына берилбейт

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. 2024-жылы "социалдык контракт" ири мүйүздүү мал багытына берилбейт. Бул тууралуу Сокулук районунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жана өнөктөштөрдүн катышуусунда "социалдык контракт" алууга кызыктар жарандар менен жолугушууда айтылды.

Эмгек министрлигинен маалымдашкандай, 2022-жылдын ортосунан баштап 12,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен "социалдык контракт" түздү. Бул 70 миңден ашуун адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда өз ишин ачкандардын 95,8% ын көбүнчө айыл жеринде жашаган аялдар түздү.

Бүгүнкү күндө ишке ашып жаткан "социалдык контракттын" катышуучуларынын бизнес-долбоорлорунун багыттары айыл-чарба, өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана соода-сатык тармагында болду. Эң көп пайыз айыл чарба тармагында 71%, анын ичинде 68%ы мал чарбачылыгы түздү.

Өткөн жылдардагы "социалдык контракт" программасынын аткарылышын талдоонун жыйынтыгы менен 2024-жылы ири мүйүздүү мал сатып алуу боюнча долбоорлорду каржылоону токтотуу чечими кабыл алынган. Мониторинг көрсөткөндөй, ири мүйүздүү мал чарбачылыгында бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу тобокелдиктер менен коштолуп, тез киреше алып келбегендигин, рентабельсиздигин көрсөттү.

Ошол эле учурда Эмгек министрлиги Айыл чарба министрлиги менен биргеликте туруктуу киреше алып келе турган айыл чарба тармагындагы башка бизнес-долбоорлор боюнча маалымат берилди. Андыктан быйылкы жылы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө эмгек потенциалынын негизинде социалдык контракт түзүүдө рентабельдүү багыттар боюнча бизнес-долбоорлорду түзүүгө сунуштар берилди.

Кеңешмеде чыгашалуу бизнес-долбоорлорду иргеп алуу үчүн жер-жерлерде арыздарды карай турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу комиссияларынын ишинин сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүсү каралды.

Пикир

Оставить комментарий