• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жазгы талаа иштери: дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 100% камсыз болот

Экономика 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Дыйкандар жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн күйүүчү-майлоочу май менен 100%га камсыз болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымына караганда, республика боюнча дыйкандар айыл чарба иштерин башташты жана жыл сайын талаа иштерине күйүүчү-майлоочу майдын көлөмү канча деген суроо жаралат.

"Биз жыл сайын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен керектүү көлөмдөгү күйүүчу-майлоочу майды жеткирүү боюнча келишим түзөбүз. Быйыл да келишимге кол койдук, анын негизинде күйүүчу-майлоочу майды керектүү көлөмдө жана үзгүлтүксүз жеткирип берүүгө кепилдик алдык. Быйылкы жазгы талаа иштерине 100 миң тоннанын тегерегиндеги күйүүчү-майлоочу май керек болот. Тынчсызданууга негиз жок, керектүү запас бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий