• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

ЕӨРБ Кыргызстанга темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого $12 млн бөлөт

733 кароо Экономика 0


Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕӨРБ) Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын бөлөт.

Макулдашууга Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана ЕӨРБ президенти Одиль Рено-Бассо Токио (Япония) шаарында өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунун аянтчасында кол коюшту.

Берилген каражаттын 8 млн доллары бул узак мөөнөттүү насыя, 4 млн доллары грант.

Пикир

Оставить комментарий