• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги коррупцияга каршы стратегиялык аракеттер планынын долбоорун сунуштады

Билим 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасында 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун алкагында министрликтин 2023-2025-жылдарга стратегиялык аракеттер планынын долбоорун сунуштады.

Тегерек столго президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин эксперттери, мамлекеттик органдардын коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов жана министрликтин борбордук аппаратынын бөлүм башчылары катышты.

Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова 2023-2025-жылдарга КРнын Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын долбоорун тартуулап, Билим берүү жана илим министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Усупбеков министрликтин Стратегиялык аракеттер планынын долбоору менен тааныштырды.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алып, стратегиялык пландын долбоорун дагы иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий