• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында авариялык абалдагы 245 мектеп бар — министрлик

Билим 0

Бишкек, 18.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкө аймагында авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында авариялык мектептер аныкталган.

“Учурда алардын саны 245ти түзөт. Азыр 58 мектеп калды, алар бир дагы тизмеге кирген жок. Калган мектепте оңдоо иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Министрдин орун басары республикадагы, ошондой эле Баткендеги мектептерди оңдоого 15 млн сом бөлүп берүү маселесин Каржы министрлигине карап чыгуу сунушталгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий