• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ОшМУ Пекин Чет Тилдер университети жана Цинхуа университети менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын эң абройлуу, алдыңкы университеттеринин бири болгон Пекин Чет Тилдер университетинде проректор Yan Guohua менен жолугушуп, эки университеттин келечектеги кызматташуусу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чон жыйынтыктарга жетише алышты. Бул тууралу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Пекин Чет Тилдер университетинин проректору Yan Guohua бул университет тилдер боюнча КЭРдеги эң алдынкы жогорку окуу жайы болуп эсептелерин айтып, университеттин тырыхы менен тааныштырды. Ошондой эле КЭРдин Тышкы иштер министрлигине көптөгөн кадрларды даярдап бергендигин баса белгиледи. Азыркы учурда бул университетте 84 чет тилдер үйрөтүлөт, ал эми 2020-жылга карата 100дөн ашуу тилдерди үйрөтүүнү максат кылышкан.

Жолугушууда Каныбек Исаков ОшМУнун тарыхын тааныштырып, азыркы учурда ОшМУ Кыргызстандагы эң алдынкы жана сапаттуу жогорку окуу жайлардын бири экенидигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн эң негизги жыйынтыгы, Пекин Чет Тилдер университети 2018- 2019- окуу жылдан баштап кыргыз тилин үйрөнүү тайпаларын ачуу, студенттер, магистранттар жана илимий кызматкерлер менен алмашуулар, эки тараптуу биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, биргелешкен китептерди чыгаруу кызыкчылыктарын билдиришти.

Анданы сырткары, Пекин Чет тилдер университетинин базасында «Кыргызстан” бороборун ачуу жөнүндө да макулдашуулар болду.

ОшМУнун ректору К. Исаков Пекин Чет Тилдер университетине белек катары кыргыз тилин үйрөнүү, кыргыз адабияты, кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз тилиндеги китептерин белекке берди.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Цинхуа университетинин проректору менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Цинхуа университетинин проректору ОшМУ менен азыркы учурда болгон кызматташуусу жөнүндө сүйлөшүп, Цинхуа университетинин докторант- студентти Ван Таону ОшМУ кабыл алып, окутуп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

Проректордун айтымында Цинхуа университети бул КЭРде эн алдынкы университет болуп эсептелет, азыркы учурда Цинхуада 47 миңден ашуун студенттер билим алышат. Бул университет ар жылы тестирлөөнүн негизинде эн сапаттуу, жана эн жакшы окууган студенттерди гана кабыл алат, айта кетсек 10 мин абитуриенттен 2 гана абитуриент Цинхуага окууга өтө алат деп билдирди.

Азыркы учурда Цинхуа университети дүйнөнүн эн мыкты университеттеринин бири болуп эсептелет (2016-жылы QS рейтинги боюнча 27 орунду алган), 2020-жылы дүйнөнүн эң алдынкы 20 университеттеринин катарына кирүү, 2030-жылы дүйнөнүн эн алдынкы 10 университеттеринин катарына кирүү, ал эми 2050-жылы дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин бири болуу максаттары бар экендигин айтып кетти. Каныбек Исаков ОшМУнун тарыхын тааныштырып, азыркы учурда ОшМУда 30 минден ашуун студенттер окуйт, бул университет Кыргызстанда эң алдынкы жана сапаттуу жогорку окуй жайларынын бири экендигин билдирди.

Эки тарап 2016-жылы ноябрь айында ОшМУ жана Цинхуа университетинин ортосунда кол коюлган кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүп, ОшМУнун студенттерин кабыл алууга кытай тарап даярдыгын билдирди.

Андан сырткары Каныбек Исаков Цинхуа университетинин Эл аралык байланыштар факультетинин деканы жана профессорлору менен жолугушуп, келечекте чогуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө макулдашты деп маалымдады ОшМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси, ОшМУнун Пекиндеги өкүлү А. Байышбеков.

Пикир

Оставить комментарий