• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакуда өткөн эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучу коло медалды жеңип алды

Билим 0

Бишкек,10.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, олимпиаданын жыйынтыгында Бишкектеги № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медалды жеңип алды. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:

1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т. Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова;

2. Бишкек шаарынын № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш;

3. Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали.

Пикир

Оставить комментарий